Көлбаев атындагы тоннелде унаалардын бардык түрүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет. Себеби
Бишкек–Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы К.Көлбаев атындагы тоннелинде маал-маалы менен чектөө киргизилет. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, ар бир чектөө 15-20 мүнөткө созулат.
"Жаз келип, малчылар мал-жандыктары менен Суусамыр өрөөнүнө жайлоого чыгып башташты. Мындан улам тоннель аркылуу мал айдап өткөн убакытта жол тыгынын болтурбоо жана коопсуздукту камсыздоо максатында унаалардын бардык түрүнө 15-20 мүнөт аралыгы менен эки тарабынан убактылуу жол жабылып турат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.