Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү завод ушул жылдын декабрында ишке кирет (видео)





Катуу тиричилик таштандыларын кайра иштетүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү заводдун курулушу 2025-жылдын декабрында аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда президент Садыр Жапаровдун Бишкек шаарындагы санитардык полигонго болгон иш сапары учурунда маалым болгонун басма сөз кызматы билдирди.
Бишкектин мэри бүтүндөй Борбор Азия аймагында ишкананын аналогу жок экендигин айткан. Завод суткасына 1 миң тонна таштандыны кайра иштетет, анын кубаттуулугу 30 мегаватт саат болот. Келечекте кайра иштетүү көлөмүн суткасына 3 миң тоннага жеткирүү пландалууда.
Президент Садыр Жапаров курулуштун мөөнөттөрүн, аткарылган иштердин сапатын жана экологиялык коопсуздук талаптарын так сактоо зарылдыгын белгилеп, бул долбоорду жүзөгө ашыруу борбор калааны туруктуу өнүктүрүүгө жана шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болорун билдиргендиги маалыматта кошумчаланган.
11.05.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.