Ысык-Көлдүн жолдорунда эреже бузган айдоочулар дрон менен аныкталып жатат (видео)

Малымдалгандай, 20 мүнөттүн ичинде 7 одоно эреже бузуу катталган.
"Туристтик мезгилдин башталышын утурлай, Ысык-Көл облусунун аймагында унаалардын саны көбөйүп, жол эрежелерин бузуу фактылары көбүрөөк байкалууда. Мындай фактыларды эске алуу менен жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун коопту жол тилкелерине дрон учурулуп, анын жардамы менен каршы тилкелерге чыккан, алдыдагы унаалардан туура эмес ашып өтүү, озуп өтүү эрежелерин бузган жана катуу ылдамдыкта айдаган айдоочулар аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Бишкек–Ош жана Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолдорунда дрон учурулуп жаткандыгы айтылган.
Ысык-Көлдө эреже бузган айдоочулар дрон менен аныкталып жатат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.