super.kg logo

"Окуяга тиешеси барлар жазаланган". Жоокерлерге үстөмдүк көрсөткөн видео боюнча ӨКМ билдирүү таратты

 
Социалдык тармактарда өлкөнүн аскер бөлүктөрүнүн бириндеги үстөмдүк фактылары чагылдырылган видео тараган. Окуя боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги расмий маалымат таратты.
Маалымат кызматынын айтымында, окуя февраль айында орун алган. Анда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен бул факты боюнча министрликтин тийиштүү кызматтарынын катышуусунда ыкчам ички иликтөө иштери жүргүзүлгөн.
"Иликтөөнүн жыйынтыгында аталган аскердик бөлүктүн командалык курамы жана окуяга тиешеси бар аскер кызматкери катуу кызматтык жоопкерчиликке тартылган. Тартиптик териштирүүнүн жыйынтыгына ылайык, жарандык жана кызматтык жоопкерчиликти бузган кызматкерлер ээлеген кызматтарынан бошотулган", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми бүгүн, 11-майда окуя тууралуу видеоматериал коомчулукка тарагандан кийин министр жана анын биринчи орун басары аталган аскердик бөлүккө барып, аскер кызматчыларынын ата-энелери менен жолугуп, кырдаалды жеринен дагы бир ирет баалашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө:
  • Министрликтин жетекчилиги ата-энелер менен ачык диалог жүргүзүп, буга чейин көрүлгөн чаралар тууралуу кеңири маалымат беришти;
  • Министр мындай учурларда өз убагында министрликке, аскер кызматчыларынын ата-энелеринин коомдук бирикмелерине жана тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга кайрылуунун маанилүүлүгүн белгиледи;
  • Аскерлер үчүн шарттарды жакшыртуу, анын ичинде спорттук инвентар менен камсыз кылуу жана дене тарбияга убакыт бөлүү маселелери көтөрүлдү;
  • Өзгөчө көңүл жоокерлердин моралдык-психологиялык абалын бекемдөөгө бурулду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уставдык жана кызматтык тартипти бузган бардык көрүнүштөрдү кескин айыптап, мындай учурларга карата катуу тартиптик чаралар көрүлөрүн белгилейт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: