"Сыймык жана милдет". Кызыл аянтта парадга катышкан Улуттук гвардиянын аскерлери кайтып келишти (видео)
Бүгүн, 11-майда Москва шаарындагы Кызыл аянтта параддан өткөн Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Улуттук гвардиянын Ардак кароол ротасы парадда өзүн татыктуу көрсөттү. Аскерлер Кызыл аянтта марш тээп өтүү, мамлекетти татыктуу таанылтуу сыймык жана милдет экендигин билдиришти.
Белгилей кетсек, 9-майда Москвада 11 миңден ашуун аскердин катышуусунда парад өткөн.
Москвада парадга катышкан аскерлер кайтып келишти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:56
2025-06-15
12:21
2025-06-15
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.