Цементти импорттоого коюлган чектөө алынды
Министрлер кабинети цементти убактылуу импорттоого коюлган чектөөнү алды. Бул туурасында бүгүн, 12-майда өкмөттүн токтому жарыяланды.
Документке ылайык, мындай чара курулуш рыногунда бааны турукташтыруу максатында кабыл алынган.
Айта кетсек, буга чейин цементтин баасы кымбаттап кеткени айтылып, аталган маселе Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлгөн.
Эске салсак, 2024-жылдын 30-июлунда Министрлер кабинети сырттан цемент киргизүүгө мораторий жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

