Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиадада секундант болгон Акмал Хасанов менен машыгуу өткөрүүдө (видео)
Кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада учурунда ага секундант болгон өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасанов менен Өзбекстандын Янгиабад шаарында машыгуу өткөрүп жатат. Бул тууралуу Хасанов социалдык тармактагы баракчасында билдирген.
"Кыргыз боордошторубуз Янгиабадга биргелешкен машыгуу өткөрүүгө келишти. Париж-2024 Олимпиадасынын финалисти менен иштөө мен үчүн сыймык", - деп билдирүү калтырган өзбекстандык машыктыруучу.
Эске салсак, Мунарбек Сейитбек уулу ушул жылдын апрель айында АКШнын Колорадо штатынын Пуэбло шаарында өткөн "2025 USA Boxing International Open" эл аралык турниринде алтын медаль уткан.
Ошондой эле Париж-2024 Олимпиадасында күмүш медаль тагынган.
Мунарбек Сейитбек уулу менен Акмал Хасановдун машыгуусу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.