super.kg logo

Бишкекте 3 жаран унаада баратып жолдогуларды курал менен коркуткан (видео) 

 
Бишкекте автоунаада бара жатып жолдогуларды ок атуучу курал менен коркуткандар аныкталды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 11-майда, саат 11:00дөр чамасында “102” кызматына ​​белгисиз 3 адам автоунааны айдап бара жатып, терезеден ок атуучу куралды чыгарып коркутуп жатат деген маалымат түшкөн.
Бул факт боюнча Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Натыйжада 1998-жылы туулган М.А., 2000-жылы туулган Ж.А., жана 1998-жылы туулган Э.Э., аттуу жарандар кармалды.
Учурда кылмышка тиешеси бар 3 жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.





Бишкекте курал менен коркуткандар кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: