Массалык башаламандык даярдоого шектелип дагы бир адам кармалды (видео)

Милиция мурдагы саясий ишмерлер, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана жарандык активисттерден турган топ облуста жана башка аймактарда массалык башаламандыктарды, нааразычылык акцияларын өткөрүүнү пландап, даярдык көрүп жатышканы боюнча маалымат алган.
Кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөөдө аталган топтун активдүү мүчөсү катары 1981-жылы туулган Ш.Э.К. “Темиш” жана “Ойгон Кыргыз” каймана аты бар Жалал-Абад облусунун тургуну аныкталып, Чүй ОИИББдин тергөө кызматына жеткирилди.
Тинтүү иш-чараларын жүрүшүндө далил буюмдар алынып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Белгилей кетсек, Чүй ОИИББ кызматкерлери тарабынан буга чейин да жогорудагы кылмыш иши боюнча 1978-жылы туулган Жалал-Абад облусунун С.Ф. аттуу тургуну, Ош облусунун 1998-жылы туулган М.О. аттуу тургуну кармалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
12.05.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.