super.kg logo

Жылнаама. 13-январь: Мындан 54 жыл мурун кыргыз элинин таланттуу уулу, ырчы, обончу Чубак Сатаев туулган

 

* 1960-жылы кыргыз элинин таланттуу уулу, ырчы, обончу Чубак Сатаев Талас облусунун Боо-Терек айылында туулган. Андагы талант апасынан, тай жагынан өткөн дешет. Кийин музыкага дилгирлиги артып, кошунасы Мараттын аккордеонуна көзү түшүп калат. Кошунасынын үй жумуштарына жардам берип жүрүп, ал аспапта ойногонду үйрөнөт.

Айылынын, районунун жылдызына айланган Чубак Сатаев аскерден келип, Таластагы Тургуналы Нурматов жетектеген клубга ишке орношот. Алгач ал пародиялары менен белгилүү болуп, “сен олуттуураак ырларга өт” деген Нурматовдун сөзү менен ырларын чыгара баштайт. “Арман, ай”, “Кайгырбачы, кан досум” “Кең дүйнө”, “Ак бата” ырлары хит болуп, күнү бүгүнкүгө чейин өз баасынан түшпөй келет. Эч кимден тайманбаган чечкиндүүлүгү менен бирге эле Чубак Сатаевде боорукер жүрөк жана ак көңүлдүгү, жөнөкөйлүгү басымдуулулук кылган. Ал 33 жашында 33 обондуу ыр жаратканга жетишкен.

Чубак Сатаев 1993-жылы капысынан дүйнө менен кош айтышкан. Каргашалуу ошол күнү концерттен соң сахнанын аркасына өтүп, башын мыкчып, “кежигем тырышып жатат” деген боюнча жыгылат. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 2 күн жатып көз жумат. Дарыгерлердин айтуусунда, мээсине кан куюлуп кеткен экен.

* 2002-жылы АКШнын экс-президенти Жорж Буштун кезектеги чоң азилге айланган окуясы болуп өткөн. Ал туздуу крендель (печеньенин бир түрү) жеп жатканда какап кетип, бир канча секундага эсин жоготуп койгон.

* 1950-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Советтер Союзунун кытай улутчулдар (азыркы Тайвань, мурдагы Формоз аралында орун алган) өкүлчүлүгүн БУУдан чыгаруу талабын четке каккан. Советтик делегация Коопсуздук Кеңештин чечимине жооп иретинде БУУнун жыйындарын 1-августка чейин бойкот жасап келген.

Жылнаама толугу менен бул жерде...






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: