Сумо боюнча Кыргызстан чемпиондугу өтөт
Эртең, 13-майда Бишкектеги Спорт ордосунда жаштар жана чоңдор арасында сумо боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өтөт.
Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлагандай, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышышат.
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан диплом жана медалдар тапшырылмакчы.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
- Кыздар: 50, 60, 65, 73, 80, 80+;
- Балдар: 50, 60, 70, 80, 100, 100+;
- Кыз-келиндер: 55, 65, 73, 80, 80+;
- Эркектер: 70, 77, 85, 100, 115, 115+.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.