super.kg logo

АКШ менен Кытай товарлардын бажы төлөмүн кыскартууну макулдашты

 

Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында АКШ менен Кытайдын делегациялары 90 күндүк мөөнөткө өз ара бажы төлөмдөрүн сезилээрлик деңгээлде кыскартууну макулдашты. Мындай чечимди АКШнын Каржы министри Скотт Бессент менен Кытайдын соода министри Ли Ченьян жарыялашканын чет элдик басылмалар кабарлашты.

Маалымдалгандай, келишимдин алкагында Вашингтон 14-майдан тарта кытай товарларына салыкты 145 пайыздан 30га чейин, ал эми Пекин америкалык товарларга салыкты 125ден 10 пайызга чейин төмөндөтөт.

"Жогорудагы аракеттерди аяктагандан кийин тараптар экономикалык жана соода мамилелери боюнча талкууну улантуу механизмин түзүшөт", - деп айтылат Ак үйдүн сайтында жарыяланган билдирүүдө.

Айта кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп ппрель айынын башында АКШ Кытайдан келген товарларга бажы төлөмдөрүн 145 пайызга чейин жогорулаткан. Кытай буга жооп кылып, америкалык товарларга 125 пайыздык бажы салыгын киргизген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: