Ноокатта экскаватор тебелеп кеткен жаран каза болду
Ош облусунун Ноокат районунда экскаватор 39 жаштагы тургунду тебелеп кетип, ал ошол жерден каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Ош облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалымдалгандай, каргашалуу окуя 10-майда Бел айыл аймагына караштуу Кайрагач айылында орун алган. Анда жолду тегиздеп жаткан экскаватор арты менен бара жатып, кокустан ошол жерде жүргөн жаранды тебелеп кеткен. Киши алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.