super.kg logo

Айбек Жунушалиев жаңы кыш заводунун иши менен таанышты

 

11-майда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев өткөн айда ишке киргизилген жаңы кыш заводунун аймагына барып, өндүрүштүк процесстин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда заводдо жабдууларды сыноо жана аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Ишкананын жалпы аянты 4 гектарды түзөт. Заводдун суткалык өндүрүш кубаттуулугу - 200 миң даана кыш.

Ошондой эле бул объектке жакын жерде суткасына 300 миң кыш чыгаруучу дагы бир жаңы заводдун курулушу жүрүүдө.

"Ишкананын өзгөчөлүгү - Кытайдан алынган заманбап жабдуулардын колдонулушу. Бул технологиялар кыш өндүрүшүндө жогорку сапатты камсыз кылат. Мындан тышкары, экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында фильтрлер жана түтүндү тазалоочу акыркы үлгүдөгү жабдуулар орнотулган. Алар атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын минималдаштырат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: