super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө билим берүү багытында эки министрлик түзүлдү

 

Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки өз алдынча министрлик түзүү жөнүндө жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы бүгүн, 12-майда билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, өлкөдө Агартуу министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги түзүлдү.

  • Мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функцияларды жүктөө менен Агартуу министрлиги;
  • Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү функцияларды жүктөө менен Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги түзүлдү.

Жарлыкка ылайык, президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссия Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия болуп кайра түзүлдү.

"Жарлык илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө системдүү өз ара байланышты камсыз кылууга багытталган мамлекеттик башкаруунун интеграцияланган жана натыйжага багытталган системин түзүү, жогорку билим берүү, илимий жана инновациялык иштер чөйрөсүндө башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жаш окумуштуулардын илимий-изилдөө жана инновациялык иштерге катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында кабыл алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, былтыр Элдик курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнүп, Илим жана жогорку билим министрлиги менен Агартуу министрлиги түзүлөрүн айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: