super.kg logo

Өкмөт башчы Эверестти багындырган айымды видео байланыш аркылуу куттуктады

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев альпинист Асел Байбагышеваны дүйнөнүн эң бийик чокусу – Эверест тоосун ийгиликтүү багындырышы менен видео байланыш аркылуу куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Касымалиев Байбагышеванын эрдигине, кайраттуулугуна жана жогорку кесипкөйлүгүнө чын жүрөктөн суктангандыгын белгилеп, Эверестти 54 саатта багындыруу альпинисттин жеке жеңиши гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү окуя экенин кошумчалаган.

"Президенттин, Министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан ушул тарыхый окуяга карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду кабыл алыңыз! Сиздин ийгилигиңиз кыргызстандыктардын кандай гана бийиктик болбосун ага жетүү мүмкүнчүлүгүн көрсөттү. Бул – кандай гана адам болбосун шыктандыруучу үлгү", – деген ал.

Өз кезегинде альпинист айым да өкмөт башчыга жылуу сөздөрү жана анын жетишкендигин жогору баалагандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.

Белгилей кетсек, кечээ, 11-майда Эверестти Кыргызстандын тарыхында айымдардын ичинен биринчилерден болуп альпинист Асел Байбагышева багындырды.

SUPER.KG порталынын Асел Байбагышева менен курган маегин шилтемеден окуй аласыздар. Ал Эверестти багындырууну көздөп, даярдык көрүп жаткан учурда маанилүү жаңылыктары менен бөлүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: