super.kg logo

Садыр Жапаров Жалал-Абадда МИКтин батирлерин ээлерине тапшырды (видео)

 

Бүгүн, 12-майда өлкө башчы Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Жалал-Абад шаарына салынган "Асман Резиденс-1" көп кабаттуу турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдирди.

Анда Жапаров мамлекеттик ипотеканы алуу процесси толугу менен санариптештирилип, ачык-айкын жана жеткиликтүү системага айланганын баса белгилеген.

"Турак жайга кезекке туруу, документтерди тапшыруу жана кароодон өткөрүү толугу менен электрондук түрдө жүргүзүлүп жатат. Бул система бардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк берип, коррупциялык элементтерди жоюуну максат кылат. Үй алууда мындай терс көрүнүштөр боюнча ичиңиздерде күдүк ой калбасын, баары акыйкат жана мыйзамдуу болот", - деди ал.

Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания алдыдагы 5 жыл ичинде муктаж болгон жарандарыбызды турак жай менен толук камсыз кылууну максат кылып жатканын кошумчалаган. Ошондой эле мамлекет башчы турак жай комплексинин инфратүзүмү менен таанышып, батирлерди көрүп, тургундар менен баарлашып, аларды жаңы конушу менен куттуктаган.

Аталган комплекс жети, тогуз кабаттуу блоктон турат жана 639 батирди камтыйт. Жер астында 138 жана жер үстүндө 50 орундуу унаа токтотуучу жай, ошондой эле балдар аянтчасы бар. Коммуникациялар борборлоштурулган, жылуулук өзүнүн отканасынан берилет.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусу боюнча МИК тарабынан курулган ипотекалык үйлөрдүн 879 батири ээлерине тапшырылганы маалым болду.






12.05.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: