super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы Кыргыз-Орусия достук паркында болду

 
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстан жана Орусиянын аймактарынын достук паркында болду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Маалымдалгандай, мамлекет башчысы парктын аймагын көрүп чыгып, анын көрктөндүрүлүшү жана эс алуу жайлары менен таанышты.
"Ал шаар тургундары менен баарлашып, алардын ой-пикирин жана каалоо-тилектерин угуп, шаардыктар менен бирге сүрөткө түштү. Ошондой эле ал жергиликтүү бийликти жана жашоочуларды шаардагы тазалыкты, тартипти жана ыңгайлуулукту сактоого өзгөчө көңүл бурууга чакырып, өз шаарына кам көрүү ар бир адамдын жоопкерчилигинен башталарын баса белгиледи", - деп айтылат билирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: