Өлкөнүн негизги унаа жолдорунда айдоочуларга дрондор көз салышууда
Бишкек-Ош жана Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунда айдоочуларга дрондор менен байкоо жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
"Аталган унаа жолдордо кырсыктарды алдын алуу максатында жол эрежесин одоно бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып айдаган айдоочуларга дрон менен байкоо жүргүзүлүүдө. Анын негизинде Укук бузуулар кодексинин 188-беренесине ылайык протоколдор түзүлүп жатат, - деп билдиришти мекемеден.
Чүй облустук ЖКККБы жарандарды карама-каршы тилкеге чыкпоого, ылдамдыкты ашырбай айдоого жана жол эрежелерин сактоого чакырат.
13.05.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
munar1980

13.05.2025. 12:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол дрондор менен көзөмөл боло турган жерлерге знак койсо болот бекен алдыда Дрон көзөмөлү бар деген
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.