super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев: "Апамдын керээзин аткардым" (видео)

 

Сузак районунун Чокмор айылында бүгүн, 13-майда аймактык оорукананын төрөт бөлүмү жана балдар ооруканасы колдонууга берилди.

Мекеменин ачылыш аземине катышкан президент Садыр Жапаров оорукананы Ташиевдердин үй-бүлөсү 570 миллион сомго куруп, мамлекетке өткөрүп берип жатканын билдирди.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, имараттын курулушу 3 жылда бүтүп, жалпы 11 миллион доллардан ашык каражат сарпталган.

"Апам Алийма Ташиева баатыр эне болгон. 11 баланы төрөп өстүргөн. Апамдын мурдатан үмүтү бар эле. Жаш кезимден бери айта берчү "уулум, эгер колуңдан келсе айылга кичинекей төрөт үй куруп берчи. Келиндерибиз кыйналып жатат" деп көп жолу айтты эле. Апамдын ошол керээзин апамдын көзү өткөндөн 20 жылдан кийин аткарып отурам. Буга сыймыктанып жатам", - деди Ташиев.

УКМК башчысы мекеме заманбап жабдуулар менен жабдылып, аймак эли сапаттуу медициналык тейлөөгө ээ болорун кошумчалады.

"Бүгүн бир жагынан сыймыктанып, экинчиден толкунданып турам. Апамды кубантканыма жаш баладай сүйүнүп турам", - дейт Ташиев.

Видео: Өткүрбек Рахманов






13.05.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: