super.kg logo

Төрага билим берүү министрлигинин экиге бөлүнгөнүн туура чечим деп баалады 

 

Билим берүү жана илим министрлигинин экиге бөлүнүшү өлкөнүн келечеги үчүн туура чечим болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна сунушталган Бактияр Орозов менен жолугушууда билдирди.

Анда төрага бир министрлик билим берүүнүн бардык тараптарын кароого жетишпей турганын белгилеп өткөн.

"Буга чейин да бир эле министрлик бала бакчадан баштап, мектептерди, кесиптик лицейлерди, жогорку окуу жайларды, Улуттук илимдер академиясын жана башка билим берүү, илим изилдөө мекемелерин тейлей албасын айтып, аны бөлүү демилгесин көтөрүп келгем. Анткени, бир министрлик баарына жетишип, тармакты толук алдыга жылдырып кете албасын турмуш өзү көрсөттү. Бул боюнча өлкө башчы менен да бир нече жолу талкуулаганбыз. Андыктан кечээги чыгарылган чечим өтө туура болду. Эми эки заманбап министрлик өз багыттары боюнча жигердүү иштеп, мамлекетибиздин келечеги үчүн алгылыктуу иштерди алып барышы керек", - деди ал.

Ошондой эле төрага сунушталган талапкердин алдыдагы пландары тууралуу маалымат алып, аларды ыкчам иштеп, жыйынтык көрсөтүүгө чакырды.

Айта кетсек, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнүп, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Агартуу министрлиги түзүлгөндүгү айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: