super.kg logo

Трамп иш сапары менен Сауд Арабиясына барды

 

АКШнын президенти Дональд Трамп шейшемби күнү Перс булуңундагы өлкөлөргө болгон иш сапарынын алкагында Сауд Арабиясына барды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

РИА Новости жазгандай, бул анын кайрадан президент болуп шайланган соң чет өлкөгө жасаган алгачкы расмий иш сапары. Трамптын аймакка сапары 13-майдан 16-майга чейин созулуп, Перс булуңунун үч өлкөсүн - Сауд Арабиясы, Катар жана БАЭни камтыйт.

АКШ лидеринин администрациясы анда негизги күн тартибинде коопсуздук, жасалма интеллект, энергетика жана курал-жарак менен камсыздоо маселелери караларын билдирди.

14-майда Эр-Риядда Перс булуңундагы кызматташтык кеңешине мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин катышуусунда саммит өтөт. Ошондой эле масштабдуу инвестициялык форум пландаштырылган. Ага Tesla жана SpaceX компанияларынын башчысы Илон Маск, Meta компаниясынын башкы директору Марк Цукерберг, Citigroup'тун жетекчиси Жейн Фрейзер жана америкалык бизнестин башка алдыңкы өкүлдөрү катышат.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: