super.kg logo

Актёр Жерар Депардье 1,5 жылга шарттуу кесилди 

 

Белгилүү француз актёру Жерар Депардье эки аялга сексуалдык ыдык көрсөткөндүгү үчүн 18 айга шарттуу кесилди. Мындай чечимди Париж соту чыгаргандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, прокуратура соттон актёрду 18 айга камоо менен 20 миң евро айып пул чегерүүнү суранды. Ага улай жабырлануучулардын кеткен чыгымдарын төлөп берүүнү, психологиялык жактан дарыланууну милдеттендирип, эки жылдан бери сексуалдык мүнөздөгү кылмыштарды жасаган адамдардын реестрине киргизүүнү өтүндү.

Белгиленгендей, аталган актёр 2024-жылдын апрелинде сценарист жана режиссёрдун жардамчысы болгон эки аялдын арызынан кийин камакка алынган. Алардын айтымында, ал 2014 жана 2021-жылдары эки тасма тартуу учурунда аларга сексуалдык зомбулук көрсөткөн. Депардье өз күнөөсүн четке кагып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: