super.kg logo
  Саясат  

Депутат Сулайманов эки жетекчиден кызматтан кетер-кетпесин сурады (видео)

 

Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин Отун энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Талкуу учурунда депутат Кундузбек Сулайманов Токтогул районунда кандай долбоорлор ишке ашырылып жатканын сурады. Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчисинин орун басары Жалын Жээналиев аталган райондо балык чарба долбоорлору бар экенин айтты.

Сулайманов: "Эгер Токтогулга азыр барсак, анда айтылган балык чарба иштебеген болсо, кызматтан кетесизби?" деп суроо узатты. Жээналиев унчуккан жок.

Ал эми мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорлорун алдыга жылдыруу жана ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Абду-Салам Тайыров Токтогул районунда бир балык чарбасы иштеп жатканын жана дагы бир балык чарбасы курулуп жатканын билдирди. Эл өкүлү андан да айтылгандай болбосо, кызмат ордунан кетер-кетпесин сурады. Тайыров депутат менен жерине чогуу барып текшерүүгө даяр экенин билдирди.






13.05.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: