super.kg logo

"15 жылдан 50 жылга чейин". Америкалык рэпер P.Diddy'ге карата сот иши башталды 

 

АКШнын Нью-Йорк шаарында 55 жаштагы америкалык рэпер Шон Комбско (P. Diddy) карата сот иши башталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда чет элдик басылмалар жазышты.

Музыкант рэкетчилик, адам сатуу, сексуалдык зордук-зомбулук жана аялдарды сойкулукка тартуу сыяктуу 5 кылмыш иши боюнча айыпталууда. Ал өзүнө коюлган бардык айыптарды четке кагып, 5 берененин бирине да макул эместигин билдирген.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, сотко рэпердин балдары жана апасы келген. Эгер сот атактуу рэперди күнөөлүү деп тапса, ал 15 жылдан 50 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эске салсак, өткөн жылдын сентябрь айында Шон Комбс ири көлөмдөгү кылмыштуу иштерди уюштуруу, адам сатуу жана башка бир катар кылмыштар боюнча айыпталып, камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: