super.kg logo
  Саясат  

Айбек Жунушалиев жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди

 
Бишкек шаардык муниципалитетте бүгүн, 13-майда мэр Айбек Жунушалиевдин пландуу кеңешмеси өттү. Анда калаа башчысы шаардык кызматтардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды койду.
Мэр объектилерди куруу жана реконструкциялоо боюнча ири долбоорлорго тиешелүү кызматтардын жетекчилердин жеринде катышуусун тапшырды. Долбоорлорду сапаттуу жана тез бүткөрүүнү камсыз кылуу үчүн бардык курулуш иштерин өзгөчө жана үзгүлтүксүз көзөмөлгө алуу милдети коюлду.
Ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары жана туруктуу комиссиялары өткөргөн жыйындарга жана сессияларга жооптуу кызматкерлерди бекитүү милдеттендирилди.
"Маселен, ушул жылдын 8-январынан 25-апрелине чейинки мезгилде Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын жана фракцияларынын 171 отуруму болуп өткөн, бул кызматтын жетекчилеринин күнүмдүк тапшырмаларынын аткарылышына жана графикке олуттуу таасирин тийгизүүдө.
Мындан тышкары шаар башчысы "Аламүдүн" базарынын аймагындагы башаламан сооданы жоюу боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.
Учурда "Ош базар" жана "Орто-Сай" базарларында жана башка кичи базарларда активдүү иштер жүргүзүлүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.
Акыркы убакта "Менин шаарым" тиркемесине колдонуучулар көбөйдү. Буга байланыштуу Жунушалиев жарандардын кайрылууларын кароо сапатына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.
"Эгерде мыйзам бузуулар болсо, жооптуу кызматкерлер, мекемелердин жетекчилигине чейин жеке жоопкерчиликке тартылат", - деп эскертилди мэриядан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: