Ат-Башыда катуу шамал көп батирлүү үйдүн чатырын учуруп кетти



Нарын облусунун Ат-Башы районунда каттуу шамал көп батирлүү үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
ӨКМ бүгүн, 13-майда саат 15:00 чамасында Ат-Башы айылында ылдамдыгы секундасына 16-19 метрге чейин жеткен катуу шамал катталганын белгиледи. Анын кесепетинен көп батирлүү турак үйдүн 150 чарчы метр тунике менен жабылган чатырын учуруп кеткен.
Министрлик жерине райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, тактоо иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.