Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги медкызматкерлерге кайрылды



Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек шаарында медицина кызматкерлери үчүн мамлекеттик ипотекага арыз тапшырууга байланышкан алдамчылык көбөйүп жатканын билдирди.
"Айрым шылуундар министрликтин жетекчилигинин атынан жазышып, белгилүү бир акыга электрондук арыз тапшырууга жардам берүүнү жана медицина кызматкерлерин кезекке тезирээк коюп берүүнү убада кылышууда. Сак болуңуздар жана алдамчылардын торуна түшүп калбаңыздар", - деп билдиришти мекемеден.
Министрлик арыз берүү жана кеңеш алуу үчүн расмий каналдарды гана колдонуу керектигин белгилейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.