super.kg logo

"Эң кедей президент" аталган Хосе Мухика көз жумду

 

"Эң кедей президент” аталган Уругвайдын мурдагы президенти Хосе Мухика 89 жашында каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, ал 2024-жылы залалдуу шишик дартына чалдыккан.

Ушул жылдын башында Мухика ракка каршы дарылануудан баш тартканын маалымдаган. Ал муну өнөкөт оорулары менен байланыштырган эле. Ошондой эле ал мындан ары интервью бербестигин жана жаңы дарыланууну пландабай турганын кошумчалаган.

"Президент, активист, лидер жана менеджер. Сизди абдан сагынабыз, урматтуу карыя. Баары үчүн жана өз элиңизге болгон терең сүйүүңүз үчүн рахмат!", - деп жазган X тармагына Уругвайдын учурдагы президенти Яманду Орси.

Мухика дүйнөгө "эң кедей президент" деп таанылып, жөнөкөй жашоо образы менен белгилүү. Ал президенттик резиденцияда жашоодон баш тартып, борбордон анча алыс эмес жайгашкан Монтевидеодогу фермасында жашаган. Убагында алган айлыгынын көпчүлүк бөлүгүн кайрымдуулук иштерине жумшаган.

Эске салсак, Хосе Мухика 2010-жылдан 2015-жылга чейин Уругвайдын президенти болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: