super.kg logo

Курулушта коопсуздукка кайдыгер караган деп компания жетекчиси жана бийлик өкүлү кармалды

 

УКМК курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, курулуш иштерин коопсуздуктун негизги талаптарын сактабастан жүргүзүүгө жол берип, адам өлүмүнө жана жаракат алууга алып келген учурларды териштирүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда атайын кызматтын мааалымат борбору билдирди.

Маалымдалгандай, анын негизинде Бишкек шаарындагы курулуш объектинде болгон кырсыктардын бири боюнча Курулуш министрлигине караштуу Архитектура-курулуш көзөмөлү башкармалыгынын башчысы К.Т. жана ири курулуш компаниясынын негиздөөчүсү М.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Белгиленгендей, учурда УКМК ушул багытта иш алып барууда. Анда курулушта адам өлүмүнө алып келген кырсык учурунда жакындарына пара берүү, кылмыш жоопкерчилигинен качуу, кырсык боюнча иштерди мыйзамсыз жабуу аракеттери изилденүүдө.

Айта кетсек, 2022-жылы курулуш объекттеринде бийиктиктен кулоонун 11 учуру, 2023-жылы 73 учур, 2024-жылы 172 учур жана 2025-жылдын 3 айында 30дан ашуун учур катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: