super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш министрликке Кендирбаева менен Орозовдун талапкерлигин колдоду

 

Жогорку Кеңеш бүгүн, 14-майдагы жыйынында агартуу министри кызматына Догдургүл Кендирбаева менен илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына Бактияр Орозовдун талапкерлигин карап, жактырды.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кендирбаева билим берүү жана илим министри кызматында жакшы иштегенин белгилеп, алдыда ага чоң ишеним артылып жатканын билдирди. Ал эми Орозовго чоң жоопкерчилик жүктөлүп жатканын айткан төрага тармакта ыкчам аракеттер көрүлүшү керектигин белгиледи.

Айта кетсек, 12-майда Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнүп, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Агартуу министрлиги түзүлгөн.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп Бактияр Орозов дайындалган. Ал эми агартуу министринин милдетин аткаруу Догдуркүл Кендирбаевага жүктөлгөн.

Агартуу министрлиги - мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү тармагын карайт. Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто жана жогорку окуу жайлар, кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү функциялар Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине жүктөлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: