Эрдоган Трамптын чечими башка өлкөлөр үчүн үлгү болорун айтты
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШнын лидери Дональд Трамптын Сирияга каршы санкцияларды алып салуу чечимин башка өлкөлөр үчүн үлгү деп атады.
Ал мындай баасын АКШ жана Сириянын президенттери Дональд Трамп, Ахмед аш-Шараа жана Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен болгон төрт тараптуу сүйлөшүүсүндө берген. Түрк басылмалары Эрдоган сүйлөшүүгө видеобайланыш аркылуу катышканын жазышты.
Буга чейин Трамп Сирияга киргизилген санкцияларды алып салуу ниетин билдирген. Ал белгилегендей, Вашингтон азыртан эле Сирия менен мамилени жөнгө салуу үчүн кадамдарды жасап жатат жана ушул жуманын аягында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Түркияда Сириянын тышкы иштер министри менен жолугушуу өткөрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.