super.kg logo

"Аны менден кызганбагыла". Бек Борбиев бирге дуэт аткарган Назима Радбекова тууралуу пост жазды

 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бек Борбиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бирге дуэт аткарып жүргөн ырчы Назима Радбекова тууралуу пост жазды.

Анда ырчы мырза акыркы күндөрү Назима Радбекованын тарабына сын-пикирлер көп айтылып жатканын жана жаман сөз жазгандар мыйзам чегинде жооп бере турганын билдирген.

"Назима Радбекова – чоң сахнага жаңы кадам таштаган ырчы. Кийинки убактарда Назиманын дарегине жаман сөздөр айтылып, клиптердеги үзүндүлөр жаныбыздагы эле адамдар аркылуу тарап, жаманатты кылганга аракеттер болуп жатат. Баарына сабыр кылып келдик.

Бирок жакын арада укук коргоо органдары аркылуу кара пиарды уюштуруп жаткандарга күрөш башталат. Жеке жашоого өтүп, кемсинтүү, акарат кылган видеолорду жарыялагандар жоопко тартылат. Мыйзамда азыр бул каралган.

Бул постту эскертүү катары кабыл алып, азыртан өчүргүлө! Жакшы сөз, каалоо-тилек айтып коё албаган соң унчукпай өтүп кетсе болот. Жаман сөз жазган баракчаларды күч органдары учурда 5 мүнөттө таап алат. Назима жаш ырчы, ал хейт эмес, сиздердин колдооңуздарга муктаж. Мени туура түшүнөсүздөр деген ойдомун", - деп жазган Бек Борбиев.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Бек Борбиев Назима Радбекованын колун сурады деген видеолор тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: