super.kg logo

Милициянын жасалма күбөлүгү менен жүргөн жаран кармалды

 

Бишкекте милициянын жасалма күбөлүгү менен жүргөн жаран кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 10-январында жол-кайгуул кызматкерлери Ниссан Примера унаасынын айдоочусун токтотушкан. Текшерүү убагында унаанын техникалык паспорту жок экендиги аныкталган. Ошол учурда унаанын ээси 1988-жылы туулган Дүйшөн Акимжанов инспекторго милициянын лейтенанты экендиги тууралуу күбөлүк көрсөткөн. Документтин жасалма экендиги байкалып, ИИМдин Өздүк коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери чакырылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө айдоочунун документи жасалма экендиги аныкталган. Айдоочу күбөлүктү өзү жасап алганын жана аны жол эрежесин бузган учурда колдонуу максатында алып жүргөнүн мойнуна алган. 

Учурда унаа айып жайга токтотулуп, топтолгон материалдар иликтөө органдарына берилди.      






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.01.2014. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавец
13.01.2014. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бала ким экен,дуйшонго жаман окшош го,туугандарынан го,дуйшондун данныйын кайдан билмек озу бербесе.
13.01.2014. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Упс,тамашоуда ойногон,Тергоо командасындакы балабы ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: