super.kg logo

Ошто мал сарай бузулуп, ордуна жаңы эс алуу жайы курулду

 
Ош шаарынын Давыдов көчөсүндө жаңыдан курулган аллея колдонууга берилди. Бул туурасында кечээ, 14-майда мэрия кабарлады.
Маалымдалгандай, иш-чарага шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, жергиликтүү тургундар катышып, аллеяны бирге көрүп чыгышты.
"Жаңы аллея шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттары менен заманбап талаптарга ылайык курулган. Буга чейин Ош шаарынын мэри таңкы рейддин алкагында бул аймакты кыдырып, мал кармап, сарай салып алган жашыл аймактын орду каралбай, иреттелбей, таштанды басып жаткандыктан, бак-дарактарды бутап, айланасын жашылдандырып, мал сарайды алып салып, жашоочулар үчүн эс алуу жайын куруу тапшырмасын берген", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: