super.kg logo

Трамп Стамбулдагы Орусия-Украина сүйлөшүүсүнө катышпай турган болду 

 

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинанын Түркияда өтө турган сүйлөшүүлөрүнө катышпайт. Бул тууралуу Трамп кечээ, 14-майда жергиликтүү басылмаларга билдирген.

"Президент Трамп Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Түркияга барбайт", - деп жазылган андагы маалыматта.

Буга чейин АКШнын лидери Стамбул шаарында өтө турган Орусия-Украина сүйлөшүүсүнө катышып калышы мүмкүн экенин айткан эле.

Бул арада Орусиянын президенти Владимир Путин Украина менен сүйлөшүүлөргө катыша турган орус делегациясынын курамын бекитти. Ага ылайык, делегацияны Орусия президентинин жардамчысы Владимир Мединский жетектей турганы маалым болду.

Эске салсак, буга чейин Путин Украина бийлигин Стамбулга сүйлөшүүгө чакырган. Ал эми Киев алгач ок атышууну 30 күнгө токтоткон соң гана тынчтык сүйлөшүүсү орун ала тургандыгын билдирген эле. Бирок Трамп Украинанын лидери Владимир Зеленскийди Орусия менен Стамбулда сүйлөшүүгө токтоосуз макул болууга чакырып, билдирүү кылган. Аталган билдирүүдөн кийин Зеленский Стамбулда Путинди күтөөрүн айткан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: