Нарындагы жер титирөө: Ак-Талаада дагы 21 үйдө жарака кеткени аныкталды

Алар төмөнкү айылдарда катталды:
- Тоголок-Молдо айыл аймагындагы Жаңы-Талап айылында 1;
- Ак-Кыя айылында 5;
- Кадыраалы айылында 1;
- Кара-Ой айылында 2;
- Ак-Тал айылында 10;
- Баетов айыл аймагындагы Баетов айылында 1;
- Байгончок айылында 1 турак үй.
14-майда аталган райондо 99 турак үй, 3 мектеп, 1 маданият үйү, 1 дүкөндүн дубалынан жарака кеткени аныкталган болчу.
Билдирүүгө ылайык, комиссия тарабынан 116 турак үй, 3 мектеп, 1 маданият үйү, 1 бала бакча, 1 китепкана жана 1 дүкөн кароодон өткөрүлдү.
Эске салсак, Нарын облусунун аймагында 12-майда күчү 4 балл жана экинчи ирет 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.