super.kg logo
  Саясат  

Илим министринин милдетин аткаруучу Бактияр Орозовдун өмүр баяны

 

12-майда илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп Бактияр Орозов дайындалган. Кечээ, 14-майда Жогорку Кеңеш Орозовдун министр кызматына талапкерлигин карап, жактырды.

Орозовдун өмүр баяны

Бактияр Орозов 1986-жылы 28-майда Бишкек шаарында төрөлгөн.

2008-жылы Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

2010-жылы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин алдындагы Гуманитардык билимдер институтунун экономикалык факультетин экономист-менеджер адистиги боюнча (сырттан окуу) бүтүргөн.

Анын эмгек жолу

  • 2008–2009-жылдары — Бишкек шаардык мэриясына караштуу Свердлов райондук администрациясынын жетектөөчү адиси;
  • 2009–2013-жылдары — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде ар кыл кызматтарда иштеген;
  • 2014–2015-жылдары — Жогорку Кеңеш депутатынын кеңешчиси;
  • 2015–2016-жылдары — КУУнун Юридикалык институтунун Кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу;
  • 2016–2017-жылдары — Президентке жана өкмөткө караштуу аппаратта иштеген (чечимдерди аткаруу жана укуктук экспертиза бөлүмүндө)
  • 2017–2019-жылдары — Кыргыз өкмөтүнүн аппаратында адам укуктары боюнча эксперт, кийин сектор башчысы;
  • 2021-жылы — мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жогорку кызмат орундары үчүн кадрлар резервине киргизилген.
  • 2022-жылдын 24-февралы — билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары;
  • 2022-жылдын 13-сентябры — юстиция министринин орун басары болгон.
Мамлекеттик жарандык кызматтын III класстагы кеңешчиси. Ал 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Маалымат үчүн: 12-майда Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнүп, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Агартуу министрлиги түзүлгөн. Агартуу министринин милдетин аткаруу Догдуркүл Кендирбаевага жүктөлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: