Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу убактылуу өчүрүлөт (схема)
Бишкек шаарындагы бир нече көчөдө 17-май күнү оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган күнү саат саат 9:00дөн 20:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттыкты сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багытындагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Суу өчүрүлүүчү аймактар:
Садовый көчөсү, Шабдан Баатыр проспекти, Чокан Валиханов жана 7-апрель көчөлөрү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.