+39 градуска чейин ысыйт. 16-майга карата аба ырайы
Синоптиктер тараткан маалыматка караганда, эртең, 16-майда өлкө аймактарында күн ачык болот. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15.. +20, күндүз +34 ... +39 градус ысыйт.
Аймактарда абанын температурасы:
Талас жергесинде түнкүсүн +12... +17, күндүз +32... +37;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16... +21, күндүз +33... +38;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +9... +14, күндүз +22 ... +27;
Нарында түнкүсүн +5 ... +10; күндүз +22... +27;
Бишкекте түнкүсүн +17... +19, күндүз +35... +37 градус ысыйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Айта кетсек, ӨКМ өлкө аймагында 16-17-май күндөрү ысык аба ырайы күтүлөрүн эскерткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.