super.kg logo

Чүйдүн чегиртке каптаган талааларында дарылоо иштери жүрүүдө (видео)

 

Социалдык тармактарда "Чүйдүн талааларын чегиртке каптап кетти" деген аталышта видео тараган. Анда автор чегирткелерге тезинен чара көрүлбөсө, эгин талааларына да жетип барарын эскертип өткөн.

Айыл чарба министрлиги бүгүн, 15-майда Чүй облусунун аймагында 1236 гектар аянтта чегирткелердин очогу аныкталып, 480 гектар жерге химиялык дарылоо иштери жүргүзүлгөнүн маалымдады.

Ага ылайык, 13-майда Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн тургундары чегирткелердин көбөйүшү тууралуу билдирүү беришкен. Буга удаа адистер сөз болуп жаткан жерге барып химиялык дарылоо иштерин жүргүзүшкөн.

"Бүгүнкү күнгө карата Чүйдүн Жайыл районунда 2 трактор жана Панфилов районунда 3 трактор Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин атайын техникалары ыкчам тартипте химиялык иштетүүлөрдү жүргүзүүдө. Чүй облусунун башка райондорунда да мониторинг иштери улантылып, айыл чарба жерлеринде зыянкечтердин очогун аныктоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти министрликтен.






15.05.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: