super.kg logo

Президент хоккей боюнча улуттук кураманын мүчөлөрүнө акчалай сыйлык тапшырды (сүрөт)

 

Бүгүн, 15-майда өлкө башчы Садыр Жапаров хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрүнө жана машыктыруучуларына акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, хоккей боюнча курама команданын оюнчуларына 600 миң сомдон, машыктыруучуларга 800 миң сомдон, ал эми медицина кызматкерлери менен техникалык кызматкерлерге 200 миң сомдон берилген.

Сыйлык тапшыруу учурунда мамлекет башчы команданын Түркияда өткөн хоккей боюнча дүйнөлүк чемпиондуктагы тарыхый жеңишин белгиледи.

"Албетте, мындай жетишкендиктердин артында талыкпай машыгуу, келечектеги жеңиштерге болгон ишеним жана ар тараптуу колдоо турат. Силердин өжөрлүгүңөрдүн, талыкпаган эмгегиңердин жана командалык духтун аркасында Кыргызстан тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк чемпиондуктун экинчи дивизионунун "Б" тайпасына чыкты.

Силер өзүңөргө жана дүйнөгө кыргыз хоккейи бар экенин далилдеп гана тим болбостон, анын тез өнүгүүсүн, жаңы бийиктиктерге даярдыгын көрсөттүңөр. Биз силердин жеңишке болгон эркиңерге, биримдигиңерге, Кыргызстандын желегине берилгендигиңерге суктанабыз", - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле Жапаров Хоккей федерациясынын жетекчилигине, машыктыруучулар курамына, медицина кызматкерлерине жана техникалык кызматкерлерге спортчулардын ийгилигинин артында тургандардын баарына ыраазычылык билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: