super.kg logo

Владимир Зеленский Анкарага барды

 

Украина башчысы Владимир Зеленский бүгүн, 15-майда Түркиянын баш калаасы Анкара шаарына барды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, Зеленскийди "Эсенбога" эл аралык аэропортунан Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига жана башка расмий өкүлдөр тосуп алды.

"Украин лидери Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү пландалууда. Жолугушуу Анкара шаарындагы президенттик комплексте өтөт.
Зеленский Эрдоганга жолугушууну уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирип, Түркия лидери менен жолугушуудан кийин андан аркы аракеттер тууралуу чечим кабыл алына турганын айтты", - деп жазды Anadolu Ajansı басылмасы.

Эске салсак, буга чейин Путин Украина бийлигин Стамбулга сүйлөшүүгө чакырган. Ал эми Киев алгач ок атышууну 30 күнгө токтоткон соң гана тынчтык сүйлөшүүсү орун ала тургандыгын билдирген эле. Бирок Трамп Украинанын лидери Владимир Зеленскийди Орусия менен Стамбулда сүйлөшүүгө токтоосуз макул болууга чакырып, билдирүү кылган. Аталган билдирүүдөн кийин Зеленский Стамбулда Путинди күтөөрүн айткан болчу.

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинанын Түркияда өтө турган сүйлөшүүлөрүнө катышпай турганын кечээ жергиликтүү басылмаларга билдирген. Анын себеби ачыкталган эмес. Буга чейин АКШнын лидери Стамбул шаарында өтө турган Орусия-Украина сүйлөшүүсүнө катышып калышы мүмкүн экенин айткан эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: