super.kg logo

Опузалап пара алган делип милиция кызматкерлери кармалышты

 

Опузалап пара алган деп шек саналып милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-майда ИИМдин Ички иликтөө кызматына А.у.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 10-майда болжол менен саат 23:00 чамасында Honda Accord үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкек шаарынын Киев көчөсүндө кетип бара жатканда артынан кызматтык унаа менен милиция кызматкерлери кууп келип токтотушканын, андан соң унаасын "айып короого киргизебиз" дер коркутуп, 15 миң сом талап кылышканын айткан. Жаран аргасыздан электрондук капчыгы аркылуу 12 миң сомдон ашык акча каражатын милиция кызматкерлеринин бирине которгон.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Бишкек ШИИББинин МКККнын полкунун милиционери, милициянын кенже сержанты У.у.Т. жана кенже тескөөчүсү, милициянын кенже сержанты Ш.А. кармалып, камакка алынышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: