super.kg logo

Садыр Жапаров Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү менен жолукту 

 

Бүгүн, 15-майда өлкө башчы Садыр Жапаров Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайсты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистикалык, энергетика жана туруктуу өнүгүү тармактарындагы кызматташуусун тереңдетүү маселелери талкууланган.

Ошону менен катар мамлекет башчы атайын өкүлдү кызматына дайындалышы менен куттуктап, алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууда жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөдө ийгиликтерди каалап өткөн.

Мындан тышкары Жапаров Европа Биримдиги менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгилеген.

Ал эми Эдуардс Стипрайс Европа Биримдиги менен региондогу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатканын айтып, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси боюнча тарыхый макулдашуу бүткүл регион үчүн маанилүү жана шыктандыруучу мисал деп атаган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: