Садыр Жапаров УКМК кармаган акимди кызматынан алды
Талас облусунун Бакай-Ата районунун акими Алгынбай Имаров кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдирди.
Маалымдагандай, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, УКМК март айында Имаров айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай курууга мыйзамсыз трансформациялаган деген шек менен кармалганын маалымдаган. Ал былтыр 31-июлда ишиндеги кемчиликтери үчүн ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаров тарабынан да сөгүш алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.