super.kg logo

Курулуш министрлиги кырсыктарды алдын алуучу буйрук чыгарды

 

Курулуш министрлиги курулуш объектилеринде эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча талаптарды күчөткөнүн билдирди.

Министрлик тиешелүү буйрук кырсыктарды жана уруксатсыз иш-чараларды болтурбоо максатында кабыл алынганын белгиледи.

Ага ылайык:

  • Коопсуздук боюнча инструктаждан өтпөгөн жана расмий таризделбеген адамдардын объекттерге кирүүсүнө тыюу салынды;
  • Курулуш аймагында расмий уруксатсыз иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды;
  • Бардык объекттерде өткөрүү режими, жеке коргонуу каражаттары, жардам аптечкалары, инструкциялар жана инструктаж журналдары камсыздалууга тийиш;
  • Инженерлер, өзгөчө бийиктикте жүргүзүлгөн иштерге көңүл буруп, коопсуздук эрежелерин үзгүлтүксүз текшерип турушу зарыл.

Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө курулуш министринин орун басары Бакай Турдугуловго жүктөлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: