super.kg logo

Зеленский: "Путинди издеп дүйнө кезип чуркай албайбыз"

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Стамбулда Орусиянын делегациясы менен боло турган сүйлөшүүлөргө катышпастыгын билдирип, украин делегациясын коргоо министри жетектеп барарын айтты.

"Стамбулда менин эч кандай ишим жок. Орусия тарап, Путин түз сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтты, кийин алар үчүн баары өзгөрдү. Азырынча биз катышкандардын арасынан иш жүзүндө чечим кабыл алгандарды көрө элекпиз. Биз болсо түз сүйлөшүүлөргө даярбыз", - деген ал Анкарада Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен болгон жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында.

Ошондой эле Зеленский Владимир Путин Украинаны гана эмес, АКШ менен Түркияны да сыйлабастыгын көрсөтүп жатканын айткан.

"Эгер Путин түз сүйлөшүүлөргө даяр болсо, анда жолугалы. Биз бул жерде (Анкарада), бирок ал бул жерде да, Стамбулда да жок. Биз аны издеп дүйнө кезип чуркай албайбыз... Мен ойлойм, азыр АКШ жана Түркия Орусия тарабынан урматсыздыкты сезип жатат", - деген ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Путин Украина бийлигин Стамбулга сүйлөшүүгө чакырган. Ал эми Киев алгач ок атышууну 30 күнгө токтоткон соң гана тынчтык сүйлөшүүсү орун ала тургандыгын билдирген эле. Бирок Трамп Украинанын лидери Владимир Зеленскийди Орусия менен Стамбулда сүйлөшүүгө токтоосуз макул болууга чакырып, билдирүү кылган. Аталган билдирүүдөн кийин Зеленский Стамбулда Путинди күтөрүн айткан болчу.

Бүгүн, 15-майда Украина башчысы Түркияга өлкөнүн президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Кремлдин өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн барган. Ал арада Путин Украина менен сүйлөшүүлөргө катыша турган орус делегациясынын курамын бекитти. Анда делегацияны Орусия президентинин жардамчысы Владимир Мединский жетектей турганы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: