Ак-Буура дарыясына өспүрүм бала түшүп кетти

Ош облусундагы Ак-Буура дарыясынан өспүрүм бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 15-майда 112 кызматына Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы тушунан дарыяга болжол менен 10-12 жаштагы бала түшүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.
Жерине дароо 8 куткаруучу, 5 милиция кызматкери тартылган. Ошондой эле издөө иштерине туугандарынан 4 адам кошулган.
ӨКМ кеч киргендигине байланыштуу издөө иши убактылуу токтотулганын, кошумча маалымат берилерин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.