Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо жүргүзүлөт
Өлкөдө Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) кошумча каттоо 17-майда жана 21-майда жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, каттоо саат 13:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарында жана өлкө аймактарында ЖРТ өтө турган борборлордо (мектептерде) администраторлор тарабынан жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда ЖРТ бул жылы 18-майда башталып, 3 этапта өтөт. Каттоого керектүү документтердин тизмеси шилтемеде.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.